«Бишкек Аренадагы» концертте 2,5 миң милиционер иштеди

Screenshot

18-сентябрда «Бишкек Аренада» дүйнөлүк жылдыздардын катышуусундагы концерт учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун 2,5 миңден ашык милиция кызматкери камсыздады. Бул туурасында 19-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, америкалык ырчылар Akon жана Ne-Yo катышкан белгилүү артисттердин концертине 40 миңден ашык адам келди.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери комплекстин аймагында, чектеш тилкелерде, ошондой эле жарандар массалык түрдө чогулган жерлерде кызмат өтөштү.

Милициядан белгилешкендей, иш-чара тынч өтүп, коомдук тартипти бузуу жана олуттуу окуялар катталган жок.