Чаткалда окуучунун өлүмү боюнча төрт өспүрүм кармалды


18-сентябрда Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей 15 жаштагы бала каза болгон.

Факт боюнча 130-берене менен кылмыш иши козголуп, төрт өспүрүм шектүү катары кармалды. Төртөө да 15 жашта.

Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.