Бүгүн республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Таласта +24…+29, Ысык-Көл аймагында +23…+28, Нарын дубанында +21…+26 градуска жетет.
Термометр Бишкекте+26…+28, Ош шаарында +29…+31, ал эми Чолпон-Атада +23…+25 градусту көрсөтөт.

