Азия оюндарынан алгачкы медалды Дастан Каныбек уулу тагынды


Кыргызстандык спортчу Дастан Каныбек уулу Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында ММА боюнча коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Ал 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти ийгиликтүү баштаган. Алгачкы беттешинде япониялык спортчу Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде жеңген. Андан соң чейрек финалда ирандык Чаедифар Аминди да 3:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.
Ал эми жарым финалда өзбекстандык Фирдаус Атамуратов менен беттешти. Жыйынтыгында Дастан Каныбек уулу 2:0 эсебинде жеңилип, мелдешти коло медаль менен жыйынтыктады.
Муну менен Дастан Каныбек уулу Азия оюндарында Кыргызстандын капчыгына алгачкы медаль алып келген спортчу болуп калды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн намысын жалпысынан 168 спортчу коргойт. Алар менен кошо 58 машыктыруучу, жети дарыгер менен укалоочу кеткен. Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.