Артур Медетбеков: “ШКУнун төрагалагы  Пакистанга өттү. Кашмир тобокелдигинин алдын алуу зарыл”


Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) төрагалыгы Пакистанга өтүшү аймактык коопсуздуктун архитектурасында жаңы геосаясий сыноолордун доору башталганын айгинелейт. Кашмир аймагындагы өнөкөт тирешүү уюмдун ички интеграциясына түз коркунуч туудуруп жаткан шартта, ШКУнун геоэкономикалык стратегиясы Батыштын технологиялык үстөмдүгүнө каршы турууга багытталган жаңы контурга ээ болууда.

Уюм тарабынан кабыл алынган Эл аралык маалыматтык коопсуздук боюнча 2026–2028-жылдарга каралган биргелешкен план — жөн гана кибер коркунучтарга каршы туруу эмес, Евразия мейкиндигинде суверендүү санариптик экосистеманы калыптандыруу амбициясы катары каралууда.

Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков “Евразия Тудей” агенттигинин суролоруна жооп ебирп жатып билдирди.

 — ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык маалыматтык коопсуздук боюнча биргелешкен планы (2026–2028) батыш өлкөлөрүнүн санариптик таасиринен обочолонууга жана уюм ичинде «жабык же көзөмөлдөнүүчү интернет» мейкиндигин түзүүгө кадам боло алабы?

— ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык маалыматтык коопсуздук боюнча биргелешкен планы Батыш мамлекеттеринин санариптик таасиринен коргонууга, стратегиялык обочолонууга жана алардын көзөмөлүнөн коргонууга аракеттер бар. Бул багытта, өзгөчө Россия менен Кытайдын акыркы жылдарда өз алдынча жаңы интернет ресурстарын жана суверендүү санариптик экосистемаларды түзүүгө умтулуусу, ошондой эле мамлекеттик деңгээлде маалыматтык коопсуздукту камсыздоочу алдыңкы технологияларды ишке киргизүүсү буга айкын далил.

Бирок, Батыш өлкөлөрүнүн дүйнөлүк экономикадагы үстөмдүгү жана интернет инфраструктурасындагы алдыңкы технологиялык артыкчылыктары ШКУ мейкиндигине түздөн-түз чакырыктарды жана олуттуу көз карандылык тобокелдиктерин жаратууну улантууда.

Бирок глобалдык микрочиптердин өндүрүшү, булуттуу технологиялар жана негизги операциялык системалар дагы деле Батыштын монополиясында калууда. Мына ушул шартта, Кытайдын IT-технологиялар секторундагы болуп көрбөгөндөй секириги ШКУ ичиндеги санариптик системаны өнүктүрүүдө жана Батышка каршы тең салмактуулукту түзүүдө өзгөчө роль ойноп жатат.

Пекиндин жасалма интеллект AI, 5G жана 6G байланыш түйүндөрү, кванттык эсептөөлөр жана чоң берилмелерди (Big Data) иштетүү багытындагы акыркы жетишкендиктери ШКУга мүчө өлкөлөргө Батыштын технологиялык платформаларына альтернатива табууга жана өз ара коопсуз, көзөмөлдөнүүчү маалыматтык мейкиндикти калыптандырууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

— Бишкекте түзүлүп жаткан Универсалдуу борбор жана Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борбору Кыргызстан үчүн канчалык деңгээлде маанилүү?

— Бишкек шаарында ШКУнун кылмыштуулукка, өзгөчө каржылык жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Универсалдуу борборунун түзүлүшү — Кыргызстандын тышкы саясатындагы жана коопсуздук архитекторундагы тарыхый жетишкендик болуп саналат. Бул уюмдун тарыхында алгачкы жолу ШКУнун эл аралык маанидеги туруктуу түзүмдүк органынын Кыргызстанда жайгаштырылышы өлкөнүн аймактык коопсуздуктагы макамын жаңы деңгээлге көтөрөт. Бул борбор жөн гана координациялык мекеме эмес, төмөнкү багыттар боюнча маанилүү оперативдүү хабга айланмакчы.

 Ыкчам маалымат алмашуу жана превентивдүү чаралар: Борборлоштурулган маалымат базасы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы оперативдүү маалыматтарды секунда ичинде бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Бул трансулуттук кылмыштуу топторду издөөдө, каржылык кылмыштардын бетин ачууда жана коркунучтарды алдын ала аныктап, кармоо операцияларын максималдуу ыкчам жүргүзүүдө чечүүчү роль ойнойт.

 Технологиялык трансфер жана кадрдык потенциал:

Долбоор ата мекендик укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн эл аралык стандарттарга ылайык адистешүүгө шарт түзөт. Заманбап санариптик криминалистика, киберкоопсуздук жана каржылык чалгындоо куралдарын, ошондой эле акыркы үлгүдөгү атайын техникаларды Кыргызстанга алып келүү өлкөнүн ички коопсуздук тутумун түп тамырынан бери модернизациялайт.

 Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, ири глобалдык капитал жана чет элдик инвесторлор өлкөдөгү саясий туруктуулукка жана укуктук коопсуздукка өзгөчө көңүл бурушат. Финансылык кылмыштуулукка, арам акчаны адалдоого жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы түзүлгөн бул универсалдуу тосмо Кыргызстандагы укук коргоо органдарынын ишин кесипкөй жана ачык-айкын нукка салат.

Трансулуттук каржылык кылмыштуулуктун деңгээлинин төмөндөшү өлкөнүн эл аралык рейтингдердеги  позициясын жакшыртат. Тынчтык, туруктуулук жана каржылык коопсуздук кепилденген чөйрөгө чет элдик түз инвестициялардын агымы кескин жогорулайт. Инвесторлор өздөрүнүн ири долбоорлорун коркпостон баштай алышат, бул болсо түзүлүп жаткан жаңы жумуш орундары, салыктык түшүүлөр жана инфраструктуралык жаңылануулар аркылуу Кыргызстандын улуттук экономикасынын туруктуу өсүшүнө түздөн-түз салым кошот.

 — Портторду жана логистикалык түйүндөрүн өнүктүрүү боюнча план Кытайдын «Бир алкак — бир жол» глобалдык долбоору  Борбор Азия өлкөлөрүн Пекинге экономикалык жактан көз каранды кылууну тереңдетпейби?

— Бул маселе коомчулукта чоң талкууну жаратып жаткан актуалдуу суроолордун бири. Менимче, бүгүнкү заманда болуп жаткан социалдык-экономикалык жана дүйнөлүк кризистер Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерине чоң сабак болушу керек. Анткени бул көрүнүштөр аймактагы мамлекеттердин акыркы убактагы стратегиялык жана тактикалык өнүгүү пландарына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан, аймактагы өлкөлөр алдын ала инвестициялык стратегияларды түзүүгө шарттарды иштеп чыгышты. Инвестицияларды диверсификациялоо максатында, мамлекеттер башка өлкөлөрдөн эл аралык деңгээлдеги ири финансы институттарын, алсак, Азия өнүктүрүү банкын, ЕБРРди, ошондой эле араб жана батыш өлкөлөрүнүн фонддорун тартуу боюнча долбоорлордун үстүндө иштеп, аларга бардык зарыл шарттарды түзүүгө аракет кылышууда.

Экинчиден, «бардык жумуртканы бир корзинага салбай», бир нече себетке бөлүштүрүү зарыл. Ошондо “кокус бир корзина жарылып кетсе дагы, калган корзиналардагы жумурткалар аман калат”.

Акыркы убакта атайын альтернативдүү логистикалык түйүндөрдү өнүктүрүү жолдору пайда боло баштады. Мисалы, Казакстандагы “Хоргос” кургак порту, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу” долбоору, ошондой эле Өзбекстандын Ооганстан менен болгон ири соода байланыштары буга далил.

Мындан тышкары, Казакстан дүйнөлүк альтернативдүү каттамдарга чыгуу үчүн Ирандын Бандар-Аббас портунан жер тилкесин алып, шарттарды түзүүгө аракет кылууда. Кыргызстан дагы Бандар-Аббастан жерди ижарага алды жана келечекте ал жерге өз портун салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.

Мындай альтернативдүү жолдор логистикалык түйүндөр бир тараптуу болуп калбашы, кокус “Бир алкак – бир жол” глобалдык долбоору аксап калса, ага толугу менен көз каранды болбоо үчүн абдан маанилүү.

Эгер “Бир алкак – бир жол” долбоору Борбордук Азия мамлекеттерин Кытайга көз каранды кылып коюшу мүмкүн деген маселени тереңирээк карасак, аймак өлкөлөрүнүн келечеги чоң суроо астында турат. Бул багытта иштеген мамлекет башчылары жана экономика тармагындагы кызматкерлер геоэкономикалык жактан ката кетиришсе, жеке кызыкчылыктарын мамлекеттикинен жогору коюп, туура эмес экономикалык эсептерди жасашса же кайдыгерлик кылышса, анда Кытайдан толук көз каранды болуп калуу ыктымалдуулугун жокко чыгарууга болбойт. Буга мисал катары, тарыхта айрым өлкөлөр өз аймагынын 7-8 пайызга чейинки бөлүгүн карыз үчүн берүүгө аргасыз болгон учурларын атасак болот.

Эгерде ар бир мамлекеттин лидерлери менен экономисттеринин геоэкономикалык жана геосаясий орду так аныкталып, бардык эсеп-кысаптар өз убагында туура жүргүзүлүп турса, бул жагдайлар өлкөнүн көз карандысыздыгын сактап, “карыз тузагына” (долговая яма) түшпөөсүнө шарт түзөт. Ал эми кокус ушундай экономикалык көз карандылык жаралып кала турган болсо, албетте, ал мамлекеттин ичинде коомчулуктун нааразычылыгын туудуруп, бийликке карата чуулгандуу пикирлерди жана ички саясий туруксуздукту, кооптуу окуяларды жаратышы толук мүмкүн

 — Региондогу транспорттук коридорлорду өнүктүрүү пландары Батыштын Россияга жана Иранга каршы киргизген санкцияларын айланып өтүүнүн жаңы туруктуу жолуна айланбайбы?

— Мамлекеттик деңгээлде Борбордук Азия өлкөлөрүнө абдан чоң таасирин тийгизе турган стратегиялык объекттердин жана ар кандай логистикалык хабдардын баары мамлекеттин карамагына өткөрүлүүдө. Учурда бул багытта жигердүү иштер жүрүп жатат деген пикирдемин. Мындан тышкары, аймактагы өлкөлөрдө өндүрүш жана кайра иштетүүчү завод-фабрикалардын ачылышы, аларга түз инвестициялардын тартылышы продукциянын кошумча наркын жогорулатат. Бул товарлардын башка өлкөлөргө экспорттолушу мамлекетти глобалдык ири экономикалык кризистерден коргоого чоң жардам берет. Муну менен катар, транзиттик каттамдар, жолдордун инфраструктурасы, убактылуу ижарага бериле турган жерлер да өзүнүн товардык наркын көтөрүп, өлкө казынасына кошумча киреше алып келет.

Ачыгын айтканда, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү Борбордук Азия өлкөлөрүнө өтө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул долбоорлор аймакка дүйнөлүк океандарга, деңиздерге жана ири эл аралык портторго түз чыгууга шарт түзөт. Ошону менен бирге, аймактагы мамлекеттердин тышкы соода-экономикалык байланыштарын диверсификациялоого жол ачат. Транспорттук коридорлор ар бир мамлекеттин экономикасына зор салым кошуу менен бирге, ата мекендик продукцияларды сыртка чыгарууда жана сырттан товар алып келүүдө логистикалык чыгымдарды азайтып, алардын өздүк наркын 30%дан 40%га чейин төмөндөтөт. Дал ушул себептен улам, транспорттук-транзиттик потенциалдын өнүгүшү бүгүнкү күндө аймак өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшүнө салым кошо алат.

Негизи, Россия жана Иранга каршы киргизилген эл аралык санкциялардан айланып өтүүнүн жаңы туруктуу жолдору толугу менен калыптана элек болсо дагы, аймактагы мамлекеттер бул багыттарды пайдаланууга тийиштүү шарттарды түзүүгө мажбур болууда. Буга мисал катары, бул каттамдар толук ачыла электе эле Борбордук Азиянын кээ бир мамлекеттериндеги, тагыраак айтканда, Кыргызстан менен Казакстандагы айрым жеке менчик фирмалар санкцияланган продукцияларды Россиянын компаниялары менен келишим түзүү аркылуу ташып жатканы аныкталган. Натыйжада, аларга ири өлчөмдө айып пулдар салынып, өздөрү дагы экинчи деңгээлдеги (вторичные санкции) санкциялык тизмелерге илинип калганы баарыбызга белгилүү. Бул тизмеге Кыргызстандын айрым коммерциялык банктары да кирген. Менимче, эгерде бул жаңы багыттар туруктуу логистикалык жолго айлана баштаса, эл аралык деңгээлдеги финансылык жана санариптик көзөмөл дагы да күчөйт. Бул болсо аймактагы ишканаларга каршы жаңы локалдык санкциялардын чыгышына алып келиши мүмкүн.

Ал эми Борбордук Азия өлкөлөрүнүн баары ШКУга мүчө экенин унутпашыбыз керек. Акыркы жылдары бул уюмга Иран да толук укуктуу мүчө болуп кирди. Саясий өңүттөн караганда, ШКУнун аянтчасы бул өлкөлөргө жаңы транспорттук жолдорду пайдалануу менен көмүскө соода жүргүзүүгө шарт түзүшү ыктымал. Бирок белгилей кетүүчү жагдай, Иранга каршы санкциялар күчөп, өлкөдө ири террордук актылар уюштурулуп, соккулар болуп жаткан учурда, ал ШКУнун мүчөсү болгонуна карабастан, уюмдун уставы тийиштүү деңгээлде натыйжалуу иштей алган жок. ШКУга кирген кээ бир мүчө мамлекеттер бул маселеде бейтарап (нейтралдуу) позицияны карманышса, айрымдары кыйыр түрдө каршылыктарын да көрсөтүштү. Ошол эле учурда Кытай, Россия, Кыргызстан жана Өзбекстан өз мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында Иранга гуманитардык жана техникалык жардамдарды көрсөтүүгө аракет кылышты.

Жалпысынан алганда, ШКУга мүчө мамлекеттер бүгүнкү күндө реалдуу жана активдүү бирдиктүү келишимдерге келе албай жаткандыгы байкалууда. Ошентсе да, коомчулук келечекте ШКУнун ишмердүүлүгү алдыга жылып, таасирдүү жана бирдиктүү уюмга айланарына ишеним менен карап турат.

Акыркы убакта транспорттук коридорлорду өздөштүрүү менен бирге, уюмдун алкагында универсалдык терроризмге, финансылык жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча атайын борборлордун түзүлүшү, жаңы финансы институттарынын ачылышы маанилүү кадам болуп саналат. Бул демилгелер ШКУну аскердик блокко айлантпастан, дүйнөдө тынчтыкты орнотууда, эл аралык адилетсиздикке жана талап-тоноочулукка каршы күрөшүүдө өзүнүн туруктуу позициясын көрсөтүүгө жол ачат. Ошондой эле, өзгөчө кырдаалдарда Иран сыяктуу мүчө өлкөлөргө ыкчам оперативдүү жана гуманитардык жардамдарды өз убагында жеткирүүгө бардык шарттарды түзүп бере алат деген ойдомун

   — Төрагалыктын Пакистанга өтүшү ШКУнун күн тартибин  Индия-Пакистан маселелерине оодарып кетиши мүмкүнбү?

— Пакистанга ШКУнун төрагалыгынын өтүшү — уюмдун ичиндеги бардык мүчө өлкөлөргө тең укуктуу мамиле жасаларын айгинелейт. Пакистан уюмга мүчө болгонуна көп жыл боло электигине карабастан, бул төрагалык жоопкерчилик ал өлкө үчүн өтө маанилүү. Исламабад бул милдетти аткарууга даяр экенин көрсөтүп, келечекте координациялоо иштерин күчөтүү жана дүйнөлүк геосаясатты тынчтыкка чакыруу боюнча жаңы демилгелерди көтөрүп чыгууда.

Бирок бул максаттардын ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн Индия менен Пакистандын ортосунда ири жаңжалдарга же согушка жол берилбей, Кашмир тобокелдигинин алдын алуу зарыл.

Мисалы, буга чейин Кашмир аймагындагы талаш-тартыштардан улам эки өлкөнүн ортосунда кыска мөөнөттүү аскердик кагылышуулар орун алып, алар эл аралык ортомчулардын кийлигишүүсү менен гана араң токтотулган.

Кашмир маселеси бүгүнкү күндө да эки өлкөнүн ортосундагы негизги чыңалуу очогу бойдон калууда. Эгерде келечекте Индия менен Пакистандын ортосунда кайрадан согуш чыгып кете турган болсо, ШКУ бул маселени өз алдынча чече албайт. Себеби, уюмдун уставына ылайык, мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара жаңжалдарды жана тирешүүлөрдү ШКУнун аянтчасында кароого тыюу салынат.

Кытай жана Россия сыяктуу ири державалар бул маселеге өздөрүнүн позитивдүү таасирин тийгизип, эки коңшу өлкөнү тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө чакырууда маанилүү ролду ойной алат деген пикирдемин.

Белгилей кетейин, акыркы убакта Түркия, Пакистан жана Сауд Арабиясынын ортосундагы аскердик-саясий кызматташтыктын чыңдалып жатканын да эске алуу зарыл. Бул өлкөлөрдүн коопсуздук келишимдери кокус алардын бирине сырттан кол салуу болуп, мамлекеттин туруктуулугуна коркунуч туулса, өз ара аскердик көмөк көрсөтүүнү көздөйт. Мындай кадамдар аймактагы коңшу мамлекеттерди белгилүү бир деңгээлде коопсондуруп, геосаясий тең салмактуулукту өзгөртүүдө. Мунун алкагында, келечекте Индия дагы өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн тымызын башка бир союздарды түзүүгө аракет кылышы ыктымал. Бирок, бул процесстердин баары алдыдагы убакытта аймактагы таасирдүү ири мамлекеттердин карманган позициясынан жана геосаясий кадамдарынан көз каранды болот.

 Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

Булак: “Евразия Тудей” агенттиги