28-ноябрга карата аба ырайы


 Бугүн күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Нарында +3…+8, Талас регионунда +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9 градус жылыйт.
Түнкүсүн Бишкекте жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +6…+8, Ошто +14…+16 градуска жетет.