Улут аралык кастыкты козутууга айыпталган блогер Айтилек Орозбеков акталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Жаныш Бараков билдирди.
Анын айтымында, Свердлов райондук соту блогердин аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапкан.
Орозбеков улут аралык кастыкты козутууга шектелип, быйыл 6-майда кармалган болчу. Милиция блогер 50дөн ашык мекемени (кафе, коомдук тамактануу жайлары, соода-оюн-зоок борборлору жана башкалар) өзү билемдик менен “текшерип”, бир тараптуу тыянактарды чыгарган деп билдирген эле.

