Кытайдын Улуттук күнүнө жана Күз ортосу майрамына байланыштуу «Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
• 25-сентябрь саат 22:00дөн 26-сентябрь саат 08:00гө чейин
• 1-октябрь саат 22:00дөн 4-октябрь саат 08:00гө чейин
Чек ара кызматы жарандарды, жүк ташуучуларды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырды.

