Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар эки окуучунун өлүмү тууралуу маселе көтөрүштү.
Депутат Жайлообай Нышанов жакында эле катталган окуя боюнча дыкат териштирүү жүргүзүүнү суранды. Ал эми депутат Улукбек Карыбек уулу тийиштүү мекемелердин маалыматын угуп, системдүү түрдө чара көрүү керектигин айтты.
«Окуу жылы башталбай жатып эки бала ур-токмоктон каза болду. 2024-жылы 2026-жылга чейин жети бала ур-токмоктон көз жумган. Бул Сузактагы же Чаткалдагы мектептердин эле эмес, жалпы системанын көйгөйү. Ошондуктан Жогорку Кеңеш алдыдагы эки айда бул маселе боюнча мыйзам долбоорун кабыл алсак», — деди Улукбек Карыбек уулу.
Ал эми депутат Бурул Аманова жума күнү Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте маселе боюнча тегерек стол өтөрүн анда мектептеги буллинг, рекетчилик маселеси карала турганын белгиледи.
17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шек саналып эки өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга 17-ноябрга чейин камакка алынган.
18-сентябрда Чаткал районунда 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучуларынан токмок жеп, көз жумган. Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү кармаган. Шектүүлөр сот чечими менен 19-ноябрга чейин камакка алынган.

