Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Ленин райондук соту 23-сентябрда К.А.К. жана А.Ж.А. аттуу жарандарга карата тергөө аяктаганга чейин, б.а. 2026-жылдын 20-ноябрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.
Кылмыш иши кайсы берене боюнча козголгону азырынча кабарлана элек.

