Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда кытайлык COMAC компаниясынын атайын медициналык жабдуулар менен толук камсыздалган атайын учагында дарыгерлер бейтаптарды кабыл алууда. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлү билдирди.


Маалыматка ылайык, бортто заманбап медициналык аппараттар орнотулган атайын аба кемеси толук кандуу кыймылдуу клиниканын милдетин аткарууда. Учурда тажрыйбалуу адистер кулагы начар уккан, көз ооруларынан жабыркаган жарандарды текшерип, дарылоо жүргүзүүдө. Ошондой эле оталаринголог (ЛОР) дарыгерлери да бейтаптарды кабыл алууда.
Текшерүүгө жана дарылоого кире турган бейтаптардын тизмеси КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан мурдатан бекитилген. Бул кайрымдуулук жана медициналык тажрыйба алмашуу акциясы эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыгынын алкагында ишке ашууда.


