Коррупцияга каршы темаларды ЖМКда жана санарип медиада чагылдыруу боюнча республикалык семинар өткөрүлдү


2026-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде «Коррупцияга каршы темаларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана санарип медиада чагылдыруу» темасында республикалык семинар өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан биргеликте уюштурулду.
Семинардын негизги максаты — коррупцияга каршы саясатты чагылдырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана санарип медианын ролун күчөтүү, коомчулукка так жана ишенимдүү маалымат жеткирүүнүн натыйжалуу жолдорун талкуулоо, ошондой эле журналисттер менен блогерлердин кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Башкы катчысы Нурипа Муканова, Башкы катчынын орун басары Дастан Дюшекеев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, УТРКнын Башкы директорунун орун басары Алмазбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы, «7-каналдын» башкы директору Илязбек Балташев, медиаэксперт, «Кыргыз Туусу» басылмасынын серепчиси Азамат Касыбеков жана башка эксперттер сөз сүйлөштү.
Семинардын жүрүшүндө коррупцияга каршы саясатты ЖМКда жана санарип медиада чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү, журналисттердин кесиптик жоопкерчилиги, маалыматтын тактыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле коомчулукка маалыматты натыйжалуу жеткирүү маселелери талкууланды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар суроо-жооп форматында пикир алмашып, коррупцияга каршы темаларды чагылдырууда медиа өкүлдөрүнүн кесиптик потенциалын жогорулатууга багытталган сунуштар айтылды.