Ведомствонун маалыматына ылайык, комиссия учурда жеринде иш алып барууда. Ошондой эле окуучулар арасындагы зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер күчөтүлгөн.
«Атап айтканда, «Э-Күндөлүк» мобилдик тиркемесине «Коркпо, билдир!» анонимдүү билдирүү функциясы киргизилген. Быйыл окуу жылынын алдында ата-энелер декадасы өткөрүлүп, «Ата-энелер мектеби» программасынын алкагында мектеп, ата-эне жана окуучунун байланышын бекемдөө боюнча иш-чаралар уюштурулган», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жалпы билим берүү уюмдарынын штаттарына психолог кызматы киргизилип, окуучулардын психикалык саламаттыгын колдоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 500 мектепте 3-5-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдери ачылган.
Министрлик зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча социалдык видеороликтер даярдалып, санариптик технологиялар аркылуу жайылтылып жатканын белгиледи.

