Мыйзамсыз таштанды жайын уюштурганы үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салуу сунушталды. Бир жыл ичинде мыйзам бузуу кайталанса, айып 20 миң жана 65 миң сомго чейин көбөйүшү мүмкүн. Альтернатива катары коомдук иштер да каралган.
Туристтик жайларда таштанды таштагандар үчүн өзүнчө жаза сунушталууда: жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом. Ал эми жолго таштанды таштагандыгы үчүн айыпты 3 миң сомдон 5,5 миң сомго чейин көтөрүү пландалууда. Өзгөртүүлөр азырынча күчүнө кире элек.

