Бүгүн, 25-сентябрда саат 15:00дө ticket.gov.kg сайтында «Бишкек Арена» спорт комплексинин расмий ачылышына дагы 10 миң акысыз билет жеткиликтүү болот.
Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, анын 5 миңи отургучтарга, дагы 5 миңи фан-зонага каралган.
Ачылыш аземине арналып жалпы 51 миң отургуч орун жана фан-зона каралган. Бүгүнкү күнгө чейин жарандарга 45 миңден ашык акысыз билет берилди.

