Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү башталды


Азырынча президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндөр каттала элек. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, каалоочулар өз талапкерлигин 13-ноябрга чейин көрсөтө алышат.

“Шайлоо алдындагы үгүт иштери шайлоого 35 күн калганда, атап айтканда, 23-декабрдан тарта башталат”,-деди төрага.