Кинематографисттер союзу «Жусуп» тасмасы боюнча кайрылуу жолдоду


Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун башкармалыгы “Жусуп” тасмасынын айланасындагы кырдаал боюнча 25-сентябрда кайрылуу жасап, фильмди жаратуу жараянынан четтетилгенин билдирди.

«Биздин бирикме долбоор менен аны баштапкы бекитүү этабында да, концепциясын жана сценарийин иштеп чыгуу процессинде да, өндүрүш жана монтаждоо стадиясында да таанышууга мүмкүнчүлүк алган жок. Мамлекеттик бюджеттен каржыланган мындай масштабдуу долбоорду ишке ашыруунун бардык мезгилинде тасманы ачык кесиптик талкуулоо үчүн кеңейтилген чыгармачыл пленумду чогултуу демилгеси менен бизге бир да жолу кайрылышкан жок», — деп жазылган билдирүүдө.

Башкармалык акыркы убактарда Кинематографисттер союзуна өнүм даяр болгондо гана «чечим чыгаруу жана көшөгө артында кабыл алынган чечимдерди легалдаштыруу» үчүн кайрылышарын белгилеген.

Ошондой эле мамлекеттик буйрутманы ишке ашырууда «тармактык мекемелер кесиптик бирикмелердин ролуна кененирээк карашы керектиги» айтылып, «ири бюджеттик долбоорлор ачык талкуу, көркөм кеңештер жана чыгармачыл пленумдардын элегинен милдеттүү түрдө өтүшү зарылдыгы» айтылган.

Кайрылууга Кинематографисттер союзунун төрагасы Бусурман Одуракаев баштаган он чакты мүчө кол койгон.

“Жусуп” тарыхый-көркөм тасмасы Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата тартылган. Тасманын бет ачары 16-сентябрда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында өткөндөн кийин социалдык тармактарда анын айланасында кызуу талкуу башталган.