№1 көз микрохирургия бөлүмүнө лазердик система, оптикалык томограф, операциялык микроскоп, фундус-камера, УЗИ аппараты жана диагностика менен хирургияга керектүү башка жабдуулар берилди. 68 млн сомдон ашык суммадагы техниканы Sharjah Charity International жана «Ихсан-Хайрия» фонддору тапшырды.
Буга чейин бөлүмдө жылына 1,5–1,8 миңдей операция жасалчу. Эми алардын санын 3–3,5 миңге чейин көбөйтүү пландалууда. Жаңы жабдуулар катаракта жана көздүн тор кабыгына байланыштуу операцияларды да жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

