Улуу Британияга жумушка каттоо башталганы тууралуу фейк маалымат тарады


Кыргызстандыктарга Улуу Британияда иштөө үчүн жасалма каттоо тууралуу эскертүү берилди.

Соцтармактарда Улуу Британияда иштөөгө, анын ичинде Pro-Force Limited программасы боюнча каттоо башталды деген жалган маалымат таралууда. Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору арыз кабыл алуу расмий түрдө баштала электигин билдирди.

Каттоо башталганда маалымат борбордун расмий сайты жана соцтармактагы баракчалары аркылуу алдын ала жарыяланат. Кыргызстандыктарга акчага кепилденген жумуш убада кылган ортомчуларга жана блогерлерге ишенбөө сунушталды. Каттоо акысыз жана расмий ресурстар аркылуу гана жүргүзүлөт.