Мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулууда


Бишкекте курулуп жаткан үч кабаттуу борбордо 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театралдык класстар, фуд-корт жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот.

Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Мэр Айбек Жунушалиев борбор шаардыктар үчүн ыңгайлуу коомдук жай болушу керектигин белгиледи.