Минкаб төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мектептерде 12 жылдык окуу боюнча бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда атайын жыйын өткөнүн билдирип, кандай бүтүмгө келишкенин айтты.
Жыйынга өлкө башчы, билим берүү министри, окумуштуулар, тиешелүү органдардын өкүлдөрү катышып, кеңири пикир алышкан.
«Мамлекет башчы да бул маселеге көңүл буруп, тынчсыздануусун билдирип, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен билим берүүдөгү реформаны этаптарга бөлүп дыкат ишке ашыруу чечимин кабыл алды. Башкача айтканда, баштапкы ойлонуштурулган шартта эмес, акырындык менен, улам кемчиликтерин жоюп, жетишпегенин толуктап отуруп, ишке ашыруу чечими кабыл алынды, буга макул болсок болот», — деп жазган Ташиев.
Ал 12 жылдык окуу жөн гана кошумча бир жыл эмес, балдардын билим сапатын жогорулатуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектеп программаларын дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтыруу, ЖОЖдордогу кайталанма сабактарды жоюу экендигин белгилеген.
«Ошондуктан алдыга жылууну туура көрдүк. Биз президентибиздин толуктап, тактап, алдыбызга койгон тапшырмаларын так жана ийгиликтүү аткарууга милдеттүүбүз», — деген УКМК төрагасы.
Буга чейин Камчыбек Ташиев 12 жылдык окууга өтүү туура эмес экенин айтып, анын себептерин түшүндүргөн.

