Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлери үчүн санариптик технологиялар боюнча атайын программаны ишке киргизди. Окутууга жумуш процессин үзгүлтүккө учуратпастан 40 миңге жакын адисти тартуу пландалууда.
Курстарда медициналык маалыматтык системалар менен иштөө, санариптик гигиена, жеке жана медициналык маалыматтарды коргоо, ошондой эле аккаунттардын коопсуздугу үйрөтүлөт. Окутуу жумушка кабыл алууда жана кийин билимди жаңыртуу үчүн мезгил-мезгили менен өткөрүлөт.

