Бишкектеги Филармониянын жанында топ балдар бир жигитти унаага салып кетүүгө аракет кылганы тартылган видео социалдык тармактарда тарады.
Автордун айтымында, топ балдар бир жигиттин телефонун алууга аракет кылышкан.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан текшерүү иштери башталганын кабарлады. Окуяга катышкандардын бардыгынын өздүгү аныкталып, алар райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди.

