Кыргызстанда күнүмдүк жалданма жумушчулар салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн


Кыргызстанда бир жолку жумуштарды аткарган жарандар үчүн салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүү сунушталууда.  Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.

Азыр мындай механизм такси айдоочулары жана курьерлер үчүн иштейт. МСК аны күнүмдүк жалданма жумушчуларга да жайылтып, социалдык камсыздандырууну жеңилдетүүнү жана алардын пенсиялык укуктарын камсыздоону сунуштоодо.