Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековдун иши боюнча сот өкүмү чыкты.
Сот Аскарбековду күнөлүү деп таап, 2 жылдык эркинен ажыратуу жазасын чегерген чечим чыгарды.
28-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда прокурор абактагы саясатчы Мавлян Аскарбековду төрт жылга эркинен ажыратууну соттон суранган болчу.
Эске салсак, Аскарбековго Фейсбуктагы билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылууда. Анын кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына өзү тууралуу провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.

