Бүгүн республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Талас чөлкөмүндө +21…+26, Ысык-Көл, Нарын региондорунда +20…+25 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында +26…+28, ал эми Чолпон-Атада +20…+22 градуска көтөрүлөт.

