Мээрим Жуманазарова Япониядагы Азия оюндарында жарым финалга чыкты

68kg WW - Meerim Zhumanazarova (KGZ)

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында мелдештин жарым финалына суурулуп чыкты.

Спортчу 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти 1/4 финал баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде Жуманазарова Өзбекстандын өкүлү Фируза Эсенбаева менен килемге чыгып, аны тушага түшүрүү менен ишенимдүү жеңишке жетти.

Эми жарым финалда кыргызстандык балбан Түндүк Кореялык Сол Гум Пак менен финалга чыгуу үчүн күрөшөт.

68 кг чейинки салмак:

  • 1/4 финал: Фируза Эсенбаева (Өзбекстан) — Мээрим Жуманазарова — 0:8 (туша)

  • Жарым финал: Сол Гум Пак (КНДР) — Мээрим Жуманазарова