Бишкекте ALIM GROUP масштабдуу концерт өткөрүп, «ELIME» комплексинен батир белек кылды


Бишкекте ALIM GROUP Мега концерт өткөрүп, кеченин алкагында 200дөн ашык тиричилик техникасы ойнотулуп, башкы байге катары ALIM GROUPтун флагмандык девелопердик долбоору ELIME турак жай комплексинен бир бөлмөлүү батир коюлду.

Музыкалык программада Бахтияр Токторов, Анжелика, Jax, Freeman, Каныкейлер ырдап кеченин көркүн ачышты. Ал эми кеченин кульминациясы — ELIME турак жай комплексиндеги бир бөлмөлүү батирдин ойнотулушу болду.

Башкы байге катары ELIME турак жай комплексиндеги батирдин тандалышы символикалуу мааниге ээ болду. Анткени ELIME — ALIM GROUPдун негизги жана флагмандык девелопердик долбоорлорунун бири.

ELIME — адамга багытталган, заманбап жана динамикалуу жашоо образын калыптандырган жаңы шаардык мейкиндик. Бул жерде бакубат жашоо үчүн керектүү нерселердин баары жакын жерде мектеп, бала бакча, кызмат көрсөтүүлөр, соода жана бизнес борбор бир жерде айкалышып, жашоочулардын эң баалуу ресурсу болгон убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт.

«Биз адамдарга жөн гана концерт эмес, эсте кала турган чоң майрам тартуулагыбыз келди. Кеченин соңунда башкы байге — ELIME турак жай комплексиндеги бир бөлмөлүү батирдин ээси аныкталды», – деп билдиришти компаниядан.

 

ELIME — жаңы жашоо үчүн мейкиндик түзгөн ALIM GROUPдун флагмандык девелопердик долбоору.