БШК бекиткен президенттик шайлоонун негизги даталары — толугу менен


Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. БШК шайлоочулардын тизмесин түзүүдөн жана талапкерлерди каттоодон тартып акыркы жыйынтыктарды чыгарууга чейинки календардык планды бекитти.

• 8-ноябрга чейин — шайлоочулардын алдын ала тизмеси жарыяланат
• 13-ноябрга чейин — талапкерлерди көрсөтүү аяктайт
• 8-декабрга чейин — кол топтолгон баракчалар тапшырылат
• 13-декабрга чейин — каттоо үчүн документтер берилет
• 23-декабрга чейин — талапкерлерди каттоо аяктайт
• 23-декабрдан 26-январь саат 8:00гө чейин — үгүт жүргүзүлөт
• 12-январга чейин — шайлоочулар тизмедеги маалыматтарын тактай алышат
• 22-январдан тартып — сурамжылоолорду жана шайлоо боюнча божомолдорду жарыялоого тыюу салынат
• 26-январда — жайдан тышкары добуш берүү өтөт
• 27-январда — негизги добуш берүү саат 8:00дөн 20:00гө чейин
• 17-февралга чейин — шайлоонун акыркы жыйынтыгы аныкталат