Бүгүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым, Ош, Ысык-Көл, Нарын региондорунун көпчүлүк жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар аралаш жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Таласта +18…+23, Ысык-Көл менен Нарын чөлкөмүндө +15…+20 градус болот.
Бишкек менен Ошто түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бишкекте күндүз да жаашы ыктымал. Термометрдин көрсөткүчү эки шаарда +22…+24 градуска жетет.

