Милиция бөлүмүнө акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн.
Такталгандай, 2026-жылдын 15-сентябрында Кадамжай районунда жайгашкан ЖЧКсынын биринин электр энергиясы жогорку чыңалуудагы электр линиясына байланыштуу аныкталган кемчиликтер жоюлбагандыгына байланыштуу өчүрүлгөн.
2026-жылдын 22-сентябрында Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору, аталган ЖЧКсынын жетекчиси менен сүйлөшүп жатып, ишкананын электр энергиясын кайра жандыруу, ишин улантууга жана электр линиясына байланыштуу кемчиликтерди жоюуга убакыт берүү үчүн 3 миң АКШ долларын талап кылган.
27-сентябрда болгон жолугушууда арыз ээси талап кылынган акчаны бере албай тургандыгын билдирген. Бирок, ага аталган акчаны Кадамжай райондук электр тармактарынын башчысына берүүнү айткан.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы менен биргеликте Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору 1975-жылы туулган М.К. кармалган.
Учурда шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.


