Токмок шаарында жол кырсыгынан эки аял каза болду


Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 1-октябрда саат 22:24төр чамасында Токмок шаарынын ички жолунун 60-чакырымында болгон.
19 жаштагы айдоочу Honda Stepwgn унаасы менен батыштан чыгышты көздөй баратып, жол четинде бара жаткан 59 жана 66 жаштагы эки аялды сүзүп кеткен.
Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.