«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери тартипти көзөмөлдөйт


5-октябрда жаңы «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылышында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Ага 5 миң милиция кызматкери тартыларын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Маалыматка ылайык, стадионго жакын аймактарда жеке автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Концертке келгендерди иш-чара өтүүчү жерге жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустар каттайт.

ИИМ жарандарды чектөөлөрдү эске алууга, милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарууга жана коомдук транспортту пайдаланууга чакырды.

Стадиондун ачылышына байланыштуу ири масштабдуу концерт болору, ага 50 миңден ашуун көрүүчү келери кабарланган. Буга байланыштуу президент Жапаровдун тескемеси менен 5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн режимде иштейт.