Кыргызстан Журналисттер Союзунун төрагасы, Жетинчи каналдын башкы директору Илязбек Балташев УТРКдагы айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен журналист Ыдырыс Исаковдун диалогуна байланыштуу УТРКдагы кош стандарттуулук тууралуу коомчулукка билдирүү жасады:
«Урматтуу достор, бүгүн, 7-октябрда айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен журналист Ыдырыс Исаковдун диалогун УТРКнын түз эфиринен көрдүк. Дебатта айтылган маселелерге ар ким өз баасын берери талашсыз.
Эң негизгиси министрдин журналист менен ачык диалогго чыгууну өзү демилгелегени. Бул өлкөдө коомдук талкууга, сын-пикирге жана сөз эркиндигине мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөткөн көрүнүш катары кабыл алсак болот.
Ушундай ачык талкууга шарт түзүп берген өлкө жетекчилигине да алкыш айтууга негиз бар.
Бирок менин бүгүн айткым келген сөзүм дебаттын мазмуну же анда кимиси кандай жооп бергенине эмес, ошол эфирди уюштурган УТРКнын жетекчилигине жана эфирге жооптуу кызматкерлердин мамилесине байланыштуу.
Биздин 7-каналдын журналисти менен оператору министр менен журналисттин дебатынан материал даярдоо үчүн кечки саат 18:30 чамасында УТРКнын имаратына барышкан. Алардын максаты эфир башталганга чейин Акунбеков менен Исаковдон интервью алуу болчу.
Анткени түз эфирдин өзүн УТРКнын YouTube баракчасынан алып пайдаланууга болот. Демек, биздин кесиптештердин студиядагы эфирге тоскоолдук кылуу ниети болгон эмес.
Бирок саат 18:45 чамасында кесиптештерим мага телефон чалып, УТРКнын имаратына киргизбей жатышканын билдиришти.
Ошол учурда УТРКнын жетекчисине телефон чалдым жооп болгон жок. Орун басарына да байланышууга аракет кылдым, бирок ал да чалуума жооп берген жок.
Эфир башталып жаткан учурда каналдын жетекчиси мага өзү телефон чалып:
Журналисттериңер келип ызы-чуу салып жатат. Дебатка киргизе албайбыз. Ал жакта алып баруучу коноктор менен гана болушу керек. Башка чоочун эч ким кирбейт, – деди.
Мен болсо кесиптештерим түз эфирге тоскоолдук кылбай турганын, студияга кирүүнүн деле зарылдыгы жок экенин айттым. Эфирдин видеолорун УТРКнын YouTube баракчасынан алууга болорун, ал эми кире бериштен эле дебаттын конокторунан интервью алып кетишерин түшүндүрдүм.
Бирок жыйынтык өзгөргөн жок.
Кесиптештерим УТРКнын имаратынын сыртында калышты.
Күздүн кечки суугунда, шүүдүрүм баскан жыгач отургучта эки сааттай отуруп, алдын ала пландаган интервьюларын күттү.
Ал эми биз ошол учурда баарыбыз түз эфирден дебатты көрүп жаттык.
Эфир башталгандан бир сааттай өткөндө студиянын ичинен тартылган блогерлердин видеолору социалдык тармактарга чыга баштады. Видеолордон студиянын ичинде телефон менен тартылган учурлар көрүнүп турду.
Ошондо менде табигый суроо жаралды. Эгер студияда эфирге жооптуу кызматкерлерден жана алып баруучунун конокторунан башка “чоочун эч ким болбошу керек” болсо, анда студиянын ичинен блогерлер кантип видео тартып жүрүштү?
Бул суроону УТРКнын жетекчилигине да жолдодум. Блогер жарыялаган видеолордун шилтемелерин салып, “эфирде иштегендерден сырткары чоочундар бар экен го” дедим.
Ал мага “блогерди министр өзү ээрчитип келген” деди.
Эгер министр өзү ээрчитип келген блогерге студияга кирүүгө мүмкүнчүлүк берилсе, анда кесипкөй журналист менен операторго эмне үчүн ошол эле мүмкүнчүлүк берилген жок?
Эгер эфирдин коопсуздугу, тартиби жана регламенти биринчи орунда болсо, анда ал талап баарына бирдей колдонулушу керек эмеспи?
Эгер журналисттин студияга кириши эфирге тоскоолдук жаратышы мүмкүн болсо, блогердин телефон менен студиянын ичинен видео тартышы кандайча тоскоолдук жараткан жок?
Бул жерде кеп бир эле биздин каналдын журналисттерин киргизүү же киргизбөө жөнүндө эмес.
Кеп мамиленин бирдей болушу жөнүндө. Мен бүгүн көргөнүмдү, кесиптештеримдин башынан өткөн окуяны айтып жатам. Муну кимдир бирөөгө жамандык кылуу же жеке эсептешүү катары кабыл алуунун кажети жок.
Ошондой эле “сын түзөлтөт, мактоо бузат” деген кеп бар. Сын айтылган жерде кемчилик болсо оңдолот. Ал эми ар бир айтылган сынга таарынып, аны жеке чабуул катары кабыл алуу маселени чечпейт.
Кесипкөй журналисттердин эмгегин, алардын коомдогу ордун баалоо маанилүү.
Мамлекеттик маалымат каражаты болгон УТРК өлкөдөгү журналисттерге үлгү боло турган, бардык жалпыга маалымдоо каражаттарына бирдей мамиле жасай турган мекеме болушу керек.
Ал эми бүгүнкү окуядан кийин сыртта калган журналисттердин арасында “блогердин подписчиги көп болсо, ага эшик ачык, салттуу медианын журналистине эшик жабык” деген түшүнүк жаралса, бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш.
Албетте, блогерлердин коомдук турмуштагы ордун жокко чыгарууга болбойт. Алардын да өз аудиториясы, өзүнүн иштөө форматы бар. Бирок блогер менен кесипкөй журналисттин коомдогу функциясы бирдей эмес.
Журналисттин иши маалыматты текшерүү, фактыларды салыштыруу, суроо берүү, жооп талап кылуу жана коомчулукка жеткирүү.
Ошондуктан мамлекеттик мекемелер салттуу медианы “эски формат” катары көрүп, аудиториясы көп блогерлер менен гана иштөөгө ыктап кетсе, бул маалымат мейкиндиги үчүн олуттуу суроолорду жаратат.
Бүгүн УТРКда болгон окуя мага дал ушул тенденцияны ойлонтту.
Биздин журналисттер эфирге тоскоолдук кылуу үчүн эмес, иштөө үчүн барышкан. Алардын максаты министр менен журналисттен маек алуу, коомчулукка кошумча материал даярдоо эле.
Ошого карабай алар имараттын сыртында, күздүн суугунда, шүүдүрүм баскан тактайда эки сааттай күтүп отурушту.
Ал эми студиянын ичинде министр өзү ээрчитип келген блогер видео тартып жүрдү.
Бул көрүнүштү кош стандарт эмес деп кантип түшүндүрүүгө болот?
УТРКнын штатында эмгектенген миңдеген кесиптештерим, досторум бар. Алардын арасында өз ишине берилген, кесибин сыйлаган мыкты журналисттер, операторлор, редакторлор, режиссёрлор жана башка көптөгөн кесипкөйлөр бар экенин жакшы билем.
Ошондуктан бул сын УТРКда иштеген жалпы жамаатка каршы айтылган сөз эмес.
Кесиптештерим көрүнүшкө чычалап комментарийлерде тепкилемейге өтпөй, айтылган сындын өзөгүнө туура түшүнүү менен карайт деп үмүт кылам.
“Жакшы сөз жарым ырыс” дегендей, жакшы ишти жакшы деп айтууга акыбыз болсо, туура эмес көрүнгөн нерсеге суроо коюуга да ошондой акыбыз бар.
Менин максатым кимдир бирөөнү жаман көрсөтүү эмес, журналисттердин эмгегине болгон мамилеге көңүл буруу.
Анткени “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, бир туура эмес чечим бүтүндөй мекеменин аброюна көлөкө түшүрүшү мүмкүн.
Ал эми өлкөдө маалымат саясатын жүргүзгөн жетекчи досторум бул окуядан туура жыйынтык чыгарат деп ишенем.
Бүгүн коом өзгөрдү. Маалыматты таратуунун жолдору көбөйдү. Блогерлердин да, социалдык тармактардын да таасири чоң. Бирок бул салттуу журналистиканын кереги жок болуп калды дегенди билдирбейт.
Тескерисинче, коомго азыр мурдагыдан да сапаттуу, текшерилген, жоопкерчиликтүү маалымат керек.
Ошондуктан мамлекеттик органдар менен медианын ортосунда мамиле “кимдин подписчиги көп?” деген принцип менен эмес, кесипкөйлүк, ишеним жана тең мамиле менен курулса туура болот.
Бүгүнкү дебаттын өзү коом үчүн маанилүү болду. Министрдин журналисттин суроолоруна ачык жооп берүүгө даяр экени, талаштуу маселелерди коомчулуктун көзүнчө талкуулоо мүмкүнчүлүгү албетте, жакшы көрүнүш.
Бирок сөз эркиндиги бир гана түз эфирге чыгып, суроо-жооп өткөрүү менен өлчөнбөйт.
Сөз эркиндиги журналистке иштөөгө шарт түзүүдө да көрүнөт.
Мамлекеттик маалымат каражаттары бардык журналисттерге, бардык редакцияларга жана бардык медиаларга бирдей мамиле кылышы керек.
Сын бар жерде көзөмөл бар. Көзөмөл бар жерде жоопкерчилик бар. Жоопкерчилик бар жерде коомдун ишеними бекем болот.
Ошондуктан бүгүнкү окуяны жеке таарыныч катары эмес, кесиптик сабак катары кабыл алсак туура болот.

