Түптө эки кишини топурак басып калып, каза болду


Ысык-Көлдүн Түп районунда топурак басып калып, эки адам каза болду, дагы бир киши реанимацияга түштү.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 33 жаштагы эки жигит канализациянын траншеясын казып жаткан учурда топурак урап түшкөн. Аларга 58 жаштагы жергиликтүү тургун жардам берип жатканда топурак кайрадан ураган.

Жыйынтыгында эки жигит каза болуп, жардам көрсөткөн кишинин омурткасы сынып ооруканага жеткирилди. Кырсыктын чоо-жайы такталууда.