Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо толугу менен санариптик форматка өттү


Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо толугу менен санариптик форматка өттү: жаңы https://license.ilim.gov.kg/license/ порталы ишке киргизилди
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасынын (АСУЛА) негизинде модернизацияланган жаңы https://license.ilim.gov.kg/license/ порталы ишке киргизилгенин маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221, 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 жана 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыктарына ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү талаптарын аткаруу жана коррупциялык тобокелчиликтерди толугу менен жоюу максатында билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо процесси толук санариптик форматка өткөрүлгөн. 2024-жылдын 1-майынан тартып билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн берилген бардык арыздар АСУЛА https://asula.edu.gov.kg/home аркылуу гана кабыл алынып келген.
Системаны колдонуу процессинде билим берүү уюмдарына арыз берүүдө бир катар техникалык кыйынчылыктар жаралган. Ушуга байланыштуу мурда иштеп келген https://asula.edu.gov.kg/home порталы модернизацияланып, толугу менен кайра иштелип, анын негизинде жаңы https://license.ilim.gov.kg/license/ порталы ишке киргизилди.
Билим берүү уюмдары үчүн эмнелер өзгөрдү:
•билим берүү уюмдары тапшырууга тийиш болгон документтердин саны кыскартылып, арыздарды берүү жол-жоболору автоматташтырылды;
•портал Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (имараттын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин тастыктоо боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (санитардык-эпидемиологиялык талаптарга шайкештигин тастыктоо боюнча) менен электрондук макулдашуу механизмдери аркылуу интеграцияланды;
•маалымат базасы «Кадастр» мамлекеттик мекемеси менен интеграцияланып, имараттын жайгашкан жери жана объекттин жалпы аянты тууралуу маалыматтарды автоматтык түрдө алууга мүмкүндүк берилди;
•мамлекеттик алымды сайт аркылуу QR-код менен төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилди;
•эксперттерди автоматтык түрдө тандоо механизми ишке киргизилди;
•лицензиялоо процессин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган башка кошумча сервистер иштелип чыкты.
Натыйжада порталды колдонуу арыз берүүчү менен министрликтин кызматкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды толугу менен жокко чыгарып, коррупциялык тобокелчиликтерди олуттуу түрдө азайтууга, документтерди чогултуу мөөнөттөрүн кыскартууга жана арыздарды кароо процессин ылдамдатууга шарт түздү.