УКМК төрагасынын мурдагы орун басары жана экс-министр кармалганы айтылууда


УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кармалганы кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары  жазып чыгышты.

Маалыматта мурдагы чиновниктерди 9-октябрда Аскер прокуратурасы кармаганы айтылууда.

Тийиштүү мекемелер бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.