Садыр Жапаров: Жашы жете элек кыз менен болгонду мен дагы, сот, прокурор дагы куткара албайт


16 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барууга шектелип кармалган жигитти эч ким куткара албайт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Баткен облусунун тургуну президент менен жолугушууда абакта отурган тууганына ырайым берүүнү өтүнүп кайрылган.

«Аны эч ким куткара албайт, сот да, прокурор да, милиция да, мен да. Жигит башы менен ойлонушу керек. Ал 23 жашта, жасаган иш-аракеттеринин маанисин толук түшүнөт», — деди Жапаров тургунга жооп берип.