Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды


Чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алынып келген ишкер, активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 13-октябрындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү – канааттандырылган. Ал Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 41-беренесинин 2-бөлүгү, 36-беренеси, 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыпталууда.

Эске салсак, ИИМ Сыргак Кенжебаев чет өлкөдөн кармалып, өлкөгө алынып келгенин 13-октябрда кабарлаган. Министрлик ал массалык башаламандыкка чакыруу жана бир адамдан (М.Н.) чогуу ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен 150 миң доллар алып, алдап кеткен деп шек саналып жатканын билдирген.