Бүгүн Ош, Нарын региондорунун айрым, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Таласта +19…+24, Ысык-Көл менен Нарын чөлкөмүндө +13…+18 болот.
Бүл күнү Ошто жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19…+21, Ошто +22…+24 градуска жетет.

