Стамбулда нөшөрлүү жаандан улам көчөлөрдү суу каптады


Түркиянын Стамбул шаарында нөшөрлүү жаандан улам көчөлөрдү жана турак үйлөрдү суу каптап, 14 жаштагы өспүрүм электр тогуна урунуп каза болду. Бул тууралуу Казинформ билдирет.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде сабактар убактылуу токтотулат.

Ошондой эле Эйюпсултан районунда жолдун бир бөлүгү урап, суу каптаган көчөлөрдө бир нече унаа тыгылып калган. Сарыер районунун Айязага кварталында суу агымы унааларды агызып кеткен.

Эсенюрт районунда суу каптаган жолдо агып бара жаткан адамды куткарып калышкан. Ал эми Күчүкчекмеже районунда куткаруучулар суу каптаган батирде камалып калган адамды алып чыгышкан.

Ошондой эле 14 жаштагы өспүрүм көлчүктү басып, электр тогуна урунуп каза болгон.

Стамбулдун губернатору Давут Гүл жаан-чачын түнү бою улана турганын, ал эми эртеси күнү шаардын Азия бөлүгүндө жаан өзгөчө катуу жаай турганын эскертти.

Ал тургундарды зарылчылык болбосо үйдөн чыкпоого, мүмкүн болушунча унаа менен жүрүүдөн баш тартууга, суу каптоо жана жер көчкү коркунучу бар аймактардан алыс болууга чакырды.

Бийлик өкүлдөрү тургундарды расмий эскертүүлөргө көңүл буруп, коопсуздук чараларын сактоого чакырышты.