Садыр Жапаров: Бишкектен Баткенге чейин 83 миңден ашуун батир курулууда


Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн жети облусунда, Бишкек шаарынан тартып Баткен облусуна чейин 65 объектиде 83 миңден ашуун батирдин курулушун жүргүзүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин комплекстин алгачкы эки этабында эки миңден ашуун батир пайдаланууга берилген. Бүгүнкү берилген 1104 батирди кошкондо, жалпы 3170 батирдин курулушу толук аяктады.

“Бул — биз турган “Мурас” турак жай комплексинин 3-этабы. Буга чейин 2 этапка бөлүнүп, 2066 батир пайдаланууга берилген эле. Ал эми бүгүн 1104 батирдин ачкычтарын өз ээлерине тапшырсак, бул аймактан 3170 батирдин курулушун толук бүткөрүп, берген болобуз.

Алдыда 4-этабынын курулушун кийинки жылдын июнь айында бүтүрүү тапшырмасын бердим. Анда 1584 батир берилет. Ошентип, “Мурас” турак жай комплекси жалпы 39 блоктон турган 4754 батирди камтыйт.

Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 9371 батир пайдаланууга берилип, жарандар өзүлөрүнүн жаңы үйлөрүндө жашап жатышат.

Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн жети дубанында: Бишкек шаарынан баштап, алыскы Баткен аймагына чейин 65 объектиде 83 миңден ашуун батирдин курулушун жигердүү жүргүзүүдө”, — деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинен 1104 үй-бүлө батирлүү болду. Батирлерди президент Садыр Жапаров тапшырды.