Бишкекте шаар четине каттаган таксилер үчүн жаңы токтотуучу жай ачылды


Бишкекте шаар четине каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинин маңдайындагы атайын аянтчадан жүргүнчүлөрдү алып, түшүрөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Буга чейин таксилер Аламүдүн базарынын аймагында токтоп, жүргүнчүлөрдү салып-түшүрүп келишкен. Эми алар жаңы аянтчага көчүрүлөт.

Бул өзгөртүү унаалардын башаламан токтошун азайтып, жакынкы көчөлөрдөгү жол тыгындарын жеңилдетүү максатында киргизилүүдө.

Мэрия шаар тургундарын шаар четине каттаган таксилерге түшүү үчүн жаңы уюштурулган аянтчаны колдонууну өтүндү.