Ташкентте соттук экспертизанын заманбап тенденцияларын талкуулаган эл аралык конференция болуп өттү


Ташкентте (Өзбекстан) “Соттук экспертизанын тенденциялары жана өнүгүү келечеги” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул иш-чара Өзбекстан Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Р.С. Сулайманова атындагы соттук экспертизанын республикалык борборунун 75 жылдыгына арналган. Иш-чарага КРнын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын төрагасынын орун басары Сагынбек Самидин уулу катышты.

Конференция сот-эксперттик мекемелердин, илим чөйрөсүнүн, мамлекеттик органдардын жана 11 өлкөнүн адистешкен уюмдарынын өкүлдөрүн бириктирди. Иш-чара кесипкөй диалог, илимий-практикалык тажрыйба алмашуу жана сот-эксперттик ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн актуалдуу багыттарын талкуулоо үчүн аянтча болду.

Катышуучулардын көңүл борборунда эксперттик методикаларды өркүндөтүү, эксперттик корутундулардын сапатын жана негиздүүлүгүн жогорулатуу, сот органдары менен эксперттик мекемелердин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө, ошондой эле эксперттик практикага заманбап илимий иштеп чыгууларды жана санариптик технологияларды киргизүү маселелери турат.

Соттук экспертизада жасалма интеллектти колдонууга, эксперттик өндүрүштү санариптештирүүгө жана эксперттик изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.