Бүгүн, 15-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.
Демилгечи – «Ала — Тоо» депутаттык тобу. Бул маселе боюнча эл өкүлү Медер Чотонов маалымат берди.
Аталган комиссиянын курамына депутаттар Дастан Бекешев, Нилуфар Алимжанова, Медер Чотонов, Гульнара Акимбаева, Токтобүбү Ашымбаева, Бурул Аманова, Жылдыз Садырбаева, Улукбек Карыбек уулу, Айгүл Ахмедова, Жылдыз Эгенбердиева, Махабат Мавлянова, Мавлюда Калбердиева, Рустамбек Советбек уулу кирди.

