Садыр Жапаров Кыргызстан Палестина менен алаканы чыңдоого кызыкдар экенин билдирди


Жапаров Кыргызстан Палестина менен алаканы чыңдоого кызыкдар экенин жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын жайылышына жол берилбеши керектигин айтты.

“Биз аймактагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Өз ара ишенимди бекемдөө, чыңалууну күчөтүүдөн баш тартуу, эл аралык укуктун ченемдерин урматтоо жана мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүү Жакынкы Чыгышта узак мөөнөттүү тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзө алат”, — деди президент Бакуда өткөн саммитте.

Ал Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин саясий эрки жана түз диалогу аркылуу бир катар татаал маселелерди жөнгө салууга мүмкүн болгонун белгиледи.

“Биз бул тажрыйбаны бардык өнөктөш өлкөлөр менен бөлүшүүгө даярбыз”, — деп кошумчалады Жапаров.