Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлик үчүн «Кыргызтесттен» өтпөй калышты


Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүү үчүн талап кылынган «Кыргызтест» сынагынан өтпөй калышты.

Суваналиев кыргыз тилинде билим берген мектепте окуганын, бирок диктант (дилбаян) жазуудан 4 баллы жетпей калганын билдирди. Ал сынакка кайра тапшырар-тапшырбасын азырынча чече элек.

«Шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргызстандын президенттигине талапкер мамлекеттик тилди «ортодон жогору» деңгээлде билиши жана анда бардык чөйрөлөрдө эркин баарлаша алышы керек.