Садыр Жапаров Арменияга расмий сапары менен барат


Президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча 15-17-октябрда Арменияга расмий сапары менен барат.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлердин саммитине катышат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын жыйынтыгы боюнча кызматташтыктын ар кыл багыттары боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу мерчемделүүдө.