Кыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү автоунаалардын кирүү жана жүрүү эрежелери жаңыланды. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимовдун айтымында, айдоочуда паспорт, айдоочулук күбөлүк жана техпаспорт болушу керек. Унаа башка адамга таандык болсо, расмий ишеним кат талап кылынат. Өлкөдө жүрүү мөөнөтү — эң көп алты ай.
Жаңы алты айлык мөөнөт алуу үчүн унаа Кыргызстандын сыртында кеминде 30 күн катары менен болушу зарыл. Кыска мөөнөткө чыгып келүү эсепти кайра баштабайт. Рулу оң жакта жайгашкан унааларга да кирүүгө уруксат берилет. Жаңы эрежелер токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.

