Америкалык Tesla компаниясы жерден абага көтөрүлө алган жаңы Roadster электр спорткарын көрсөттү. Бул тууралуу Lenta.ru жазды.
Көрсөтүү учурунда унаа көтөрүлүп, абада оодарылып, кайра жерге дөңгөлөгү менен түшөт.
Компаниянын жетекчиси Илон Масктын айтымында, кысылган аба менен иштеген атайын кыймылдаткычтар менен жабдылган унаа саатына 100 чакырым ылдамдыкка бир секундга жетпеген убакытта жете алат. Roadster үлгүсүндөгү унааны өндүрүү 2028-жылы башталары пландалууда.
Буга чейин Маск айдоочусуз унааларды жалпы пайдалануудагы жолдорго чыгарууда бир катар кыйынчылыктар бар экенин билдирген. Роботаксилердин иштөө убактысын суткасына 23 саатка чейин узартууга байланыштуу иштеп чыгуучулар түнкүсүн унаалардын мышыктарды сүзүп кетишине жол бербөө маселесин чечүүгө аракет кылып жатышат.

